super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Мамлекеттик ишмерлер расмий жолугушууларда кыргыз тилинде гана сүйлөшү керек”

 

Мамлекеттик ишмерлер кыргыз тилин популизациялоо жөнүндөгү тийиштүү мыйзамды аткарууда расмий жолугушууларда кыргыз тилинде гана сүйлөшү керек. Жолугушуулардан соң кесиптештери менен же дагы башка бирөөлөр менен каалаган тилинде сүйлөшө берсе болот. Мындай ойду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова кечээ, 8-апрелде Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мыйзам долбоорун демилгелегенден сырткары калк арасында кыргыз тилин үйрөнүүгө зарылчылыгын түзүшү керек”,- деди Бөдөш Мамырова.  

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин “Чүй облусунун билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив, массалык маалымат каражаттарынын иштеринин абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” көчмө жыйыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: