Бишкекте жеңил атлетика боюнча Шаар биринчилиги өтөт
25-26-апрель күндөрү Бишкекте жеңил атлетика боюнча Шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш жаш курактары боюнча 2 категорияда өткөрүлөт. Бир категорияда 18 жаштагылар жана андан жогоркулар күч сынашса, экинчи категорияда 17 жашка чейинкилер жана андан жаштар жарышка түшөт. Анда алыстыкка секирүү, найза ыргытуу, алыстыкка чуркоо боюнча жалпысынан 14 комплект медаль ойнотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.