super.kg logo
  Спорт  

"2012-жылдын мыкты футболчусу" наамынын ээси Азамат Байматов "Дордойдон" кетти

 
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2009-жылдын мыкты спортчусу" наамынын ээси, футбол боюнча КРнын улуттук курама командасынын коргоочусу жана капитаны Азамат Байматов "Дордойдун" курамында футбол ойноону токтоткондугун кабарлады. Бул тууралуу: "Келишим боюнча "Дордойдун" курамында ушул сезондун аягына чейин ойномокмун. Келишим аяктаганына байланыштуу командадан кеттим. Азыр эс алуудамын. Мага бир катар чет өлкөлүк командалардын кызыгып жатканынан кабарым бар. Азырынча кайсы клубдар экенин так айта албайм. Буюрса, баары Жаңы жылдан кийин билинет",- деди футболчу. Айта кетсек, Азамат Байматов быйыл 2-ирет КРнын Футбол федерациясы тарабынан "Жылдын мыкты футболчусу" деп табылды. Ал 2009-жылдан бери "Дордойдун" курамында 82 оюнда майданга чыгып, 35 гол киргизген. Ал эми улуттук курама команданын курамында 12 оюнда 1 жолу айырмаланган. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону, 3 жолку Кубогунун ээси жана Суперкубогунун ээси. Ошондой эле Азамат "Вентспилстин" курамында Латвиянын вице-чемпиону болуп саналат. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
07.01.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто дааарыланып жургон эле,уйлонот окшойт..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: