super.kg logo

Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектелип кармалган УКМКнын эки кызматкери эки айга камалды

 

Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектелип кармалган УКМКнын эки кызматкери эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарган.

Айта кетсек, 7-апрель күнү "журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар" делинип УКМКнын эки кызматкери кармалган эле.

Эске салсак, 2009-жылдын 16-декабрында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк киши колдуу болуп, оор абалда Алматыдагы ооруканага түшкөн. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эсине келе албай жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бул иш боюнча 2011-жылдын 10-октябрында Алматы райондор аралык соту тарабынан Павлюктун өлүмү боюнча КРнын УКМКнын мурдагы кызматкери А.Исманкулов, Казакстандын жараны А.Игиликов жана Ш.Орозалин сот жообуна тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: