super.kg logo

“Түндүк электр”: Сейил бактагы таштарды тазалоо иштери митингге байланыштуу эмес

 

М.Горький атындагы сейил бактагы таштарды тазалоо иштери оппозициянын митингине байланыштуу эмес. Таштарды терүүгө катышкан балдар өз ыктыяры менен жардамга келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта борбордо “Бишкек шаарынын локалдуу тармактарын оңдоо” жана “Электр бөлүштүрүүчү тармактарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу” инвестициялык долбоорлорунун негизинде жогорку чыңалуудагы «Центральная-1» көмөк чордонунан «Южная» көмөк чордонуна дейре узундугу 3 чакырым болгон 35 кВ кабелдик чубалгыларды төшөө иштери жүрүүдө. 

"Жогоруда аталган кабелдик чубалгы Лев Толстой, Исанов (анын ичинен Горький атындагы сейил багынан), Ташкентская, Манас көчөлөрүнөн өтөт. Кабелдик чубалгыларды төшөөр алдындагы шарттардын бири - иштердин жүргүзүлүшүнө аймакты ылайыкташтыруу. Электр жабдыкты орнотуунун эрежесине ылайык, кабелдик чубалгы траншеядагы түздөтүлгөн кумдун үстүнө жаткырылат",- деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Эске салсак, 10-апрелде Бишкектин М.Горький атындагы сейил багында өтүүчү митингде тополоң болтурбоо үчүн Курулуш колледжинин студенттери аталган сейил бактагы таштарды чогултуп жатышканы тууралуу маалымат чыккан. Анда 30га чукул студент жана “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери митинг болчу жерди тазалап жатышкандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.04.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш тербей мусор чогултбайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: