Ошто башталгыч класстын окуучуларына арналган көркөм-адабий китептердин бет ачары өттү




Бүгүн, 9-апрелде ош шаарындагы Юрий Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында “Таалим-Форум” коомдук фонду менен биргеликте башталгыч класстын окуучуларына арналган көркөм-адабий китептердин бет ачары болуп өттү.
Аталган иш-чарага мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери жана окуу бөлүмүнүн башчылары катышышты.
Анда мекен таануу сабагында мугалимдерге жардам иретинде мультимедиялык программа менен тааныштыруу жана аны колдонуу боюнча усулдук семинар өткөрүлдү. Андан сырткары көрсөтүлгөн темаларга ылайык тексттер, сүрөттөр, аудио жана видеоматериалдар акысыз таратылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.