super.kg logo
  Саясат  

Украинанын элдик депутаты Юрий Мирошниченко жумуш ордунда борщ ичип отурат

 

Кечээ, 8-апрелде Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Юрий Мирошниченконун жумуш ордунда өзүн үйүндөгүдөй сезип, уялбастан термосунан борщ куюп ичип отурган видеосу орусиялык маалымат булактарына тарады. Видеодо депутаттын тамагын ичип болгон соң чокунганы, нандын күкүмдөрүн тазалаганы да көрсөтүлгөн. 

Бул видео чыгары менен элдин кызуу талкуусуна алынып, "Регионалдардын" жумушу чын эле начарлап кеттиби? Банкеттер болбой, ресторандар жабылып, депутаттардын чөнтөгүнө күч келип жатса керек да. Рада эмес эле, цирк болду го" деген комментарийлер жааган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-апрелде Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчинов Юрий Мирошниченконун "Региондор партиясы" фракциясынан чыкканын кабарлады.

Эске салсак, кечээ, 8-апрелде Жогорку Раданын жыйынында Коммунисттик партиянын жана улуттук “Свобода” партиясынын депутаттарынын ортосунда мушташ чыккан. Компартиянын өкүлү Пётр Симоненко азыркы бийликтин аракетин сындап, Украинанын бүтүндүгүнө доо кетирип жатканын билдирген. Мындан кийин башкаруучу партиянын депутаттары трибунага жетип барып, Симоненкону ур-тепкиге алышкан. Спикер танапис жарыялап, жаңжалдан кийин коммунисттер залдан чыгып кетишкени айтылган. 






Украинанын депутаты жумуш ордунда борщ ичип отурат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: