super.kg logo
  Саясат  

Оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абылов Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевден жалаа үчүн 1 миллион сом талап кылды

 

Улуттук оппозициялык кыймылдын 10-апрелде өтүүчү митингинин коменданты Мамбетжунус Абылов өзүнүн доо арызында Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевден 1 миллион сом талап кылып, ал акчаны Бишкектеги карылар үйүнө которууну суранат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына Абылов өзү билдирди. 

"Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевдин мага жалаа жаап, калп айткандыгы үчүн үстүнөн Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна доо арыз бергем. Жалаа жапкандыгы үчүн 1 миллион сом талап кылып, аталган сумманы Бишкектеги карылар үйүнө которуп коюшун сурандым. 

Ал эми Свердлов райондук сотунун төрагасы менин арызымды кароону судья Элвира Жаркеева тапшырыптыр. Бул тууралуу мага жактоочум Искендер Журабаев кабарлады",- деди оппозиционер Абылов. 

Айта кетсек, Бишкек шаардык милициянын начальниги Мелис Турганбаев "Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Мамбетжунус Абыловго кылмыш иши ачылган" деп айыптаган интервью бергендиги үчүн ал сотко арыз менен кайрылган. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: