Ыргал Кадыралиева: "Жалгыз үйү бар жарандар күрөөсү жок эле насыя ала алышат"
Эгерде кимдир бирөөнүн жалгыз гана турак жайы болсо, ал адам күрөөсү жок эле насыя алууга мүмкүндүк алат. Анын жол-жобосу "2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу жөнүндө" өкмөттүн программасында каралган. Муну депутат Ыргал Кадыралиева бүгүн, 9-апрелде "Парламент" радиосундагы түз байланышта билдирди.
"Жумушсуз жаштарга чакан насыяларды берүү ишин колго алган банктардын бири үстөк пайызды белгиленген ченемден 3 пайызга жогорулатып койгон. Ошондуктан иштеше турган башка банктардын кызматынан пайдалануу шарттарын карап көрсөк болот",- дейт Кадыралиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















