Эртең Бишкекте өтө турган митингге Саруу айылынан 1,5 миңдей адам келе жатканы тастыкталды
Эртең, 10-апрелде Бишкекте боло турган митингге катышуу үчүн 1500 саруулуктар келе жатышат. Бул тууралуу 9-апрелде SUPER.KG порталына Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, борбор калаага кире берген жерде МАИ кызматкерлери текшерүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатышат. Мындан улам айрым саруулуктардын Бишкекке келүүсүнө тоскоолдуктар жаралууда.
"Саруулуктар "Кумтөр" маселесин чечүү жана Жети-Өгүздүн тургундары Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди бошотуу талаптары менен чыгышат. Биздин эч кандай саясий максаттарыбыз жок",- деди Мендибаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















тын эле отсyн!