Бүгүнкү митингде коомдук тартипти 500гө жакын милиция кызматкери көзөмөлгө алат
Бүгүнкү митингде коомдук тартипти 500гө жакын милиция кызматкери көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн, 10-апрелде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү митинг саат 11:00дө Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта болот. Андагы коомдук тартипти сактоо үчүн Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери, алар менен бирге жол-кайгуул кызматкерлери дагы ал жакта болушат.
Айта кетсек, бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил багында Улуттук оппозициялык кыймылдын митинги болот. Ага УОКтун лидерлери Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев жана кыймылдын башка мүчөлөрү катышат. Ошондой эле республиканын башка облустарынан да катышуучулар келери айтылууда.


Провокацияга жол берилбейт!
Ак уйдун алдында откозгонго акысы жок мыйзам боюнча. Эгер аянтты откозо турган болсо 10-15 кун мурун билдируу жасаш керек болчу. Алар эч нерсе билдиришкен эмес. Демек бугун аянтка келгендердин баары мыйзам бузган болуп эсептелет да, соттогонго толук мумкун! Андыктан ак уй жакка келуунун кажети жок! Ак уй проходной двор эмес!