"Тазалыктын" кызматкерлери эки айдан бери айлык акыларын ала электигине байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышты
"Тазалык"
муниципалдык ишканасынын имаратынын алдына аталган ишкананын жумушчулары “эки айдан бери айлык акыларыбызды ала элекпиз, иштегенге эч кандай шарт түзүлгөн эмес” деп жаңы дайындалган
директорго каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде “Тазалыктын”
кызматкерлеринин бири маалымдады.
Автор: Мальвина Уметбекова
“Өзүңүздөр билгендей, биздин жумуш кир, бирок бизге эч кандай көңүл буруу жок. Унаалардын көбү бузук. Айлыгыбыз 10 миңге жетпейт, аны да өз убагында ала албайбыз”,- деп билдирди атын атагысы келбеген кызматкер.
Маалыматка ылайык, нааразылык акциясына “Тазалыктын” 500гө жакын кызматкери чыккан. Учурда аларга шаардын мэри К.Кулматов келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эске салсак, 28-мартта "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Абдукарим Сакиев сынак өткөнгө чейин дайындалган. Ишкананын кызматкерлери "Тазалыктын" жетекчилигине тажрыйбасы бар, ал чөйрөнү билген киши дайындалышын да талап кылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Мэри

10.04.2014. 11:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Өлгөндүн үстүнө көмгөн", "койчунун кызы кой келгенде иш кылат" дегендей, бул ишкана же 10-апрелге чейин эмес, же 10-апрелден кийин эмес, дал ушул күнү чыгып алганы кандай... Атайын пландалганбы...
Likvidator

10.04.2014. 12:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козго корунбогон менен булардыкы эн оор жана эн маанилуу жумуш болуп эсептелет. Шаардык кенештин депутаттары айлык албаса да ушулардын айлык акысын убагында берсе болмок экен шаар башчысы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.