super.kg logo

Транспорт министрлигинин алдындагы мекеменин кызматкери 36 миң сом пара алганы аныкталды 

 

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун башкармалыгынын жооптуу кызматчысы 36 000 сом пара алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, апрель айынын баш ченинде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына арыз түшкөн. Анда Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу мекемеде коррупциялык иштер жүргүзүлүп жатканы айтылган. Такталгандай, башкармалыктын жооптуу кызматчысы жеке ишкерден 36 000 сом талап кылган. Жеке менчик курулуш иштерине мамлекеттик техниканы берүүгө убада берген.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: