super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамын өткөрдү

 

Кечээ, 26-декабрда балдар үчүн Жогорку Кеңештин атынан уюштурулган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамга келген жаш жеткинчектерди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун атынан парламенттин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов куттуктады. Куттуктоонун кыскартылган тексти төмөндөгүдөй: 

“Урматтуу ата-энелер, ардактуу бөбөктөр! Бүгүнкү майрамдын катышуучулары!

 Баарыңыздарды жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан алдыда келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен, бүгүнкү балаты майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Ак сакалын жайкалткан Аяз ата, суйкайган сулуу Аяз кыз менен бирге майрамды көңүлдүү өткөрүп, каалаган тилекке жетишиңерге тилектешмин. 

Ардактуу бөбөктөр!

Силердин жаркын келечегиңер али алдыда: өскүлө, өнгүлө, жеткилең билим, татыктуу таалим-тарбия алгыла. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын бактылуу болочогу – силерсиңер. Силер дагы жеке ата-энеңер эле эмес, жамы кыргыз журту сыймыктана турган уул-кыздардан болгула.  Мен да бала болгонмун. Жаңы жыл менин да эң сүйүктүү майрамым болчу. Биз да силердей Аяз ата менен Аяз кыздын колунан белек алчубуз. Биз үчүн андан өткөн кубаныч жок эле. Анда эмесе, келгиле, бул күндөрү Кыргызстандын бүткүл аймагында – Нарын менен Ошто, Ысык-Көл менен Баткенде, Жалал-Абад менен Таласта, Бишкек менен Чүйдө өз жакындары менен бирге Жаңы жылды тосуп жаткан балдарды да майрамы менен куттуктай кетели. Куунак көңүл, жарык маанай балалык – адам өмүрүндөгү эң аялуу, эстен кеткис көз ирмем. Муну эгерим эстен чыгарбайлы. Бар болгула, бактылуу болгула!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: