Жалал-Абад мэриясы: "Митингге чыккан эл тарады"
Бүгүн, 10-апрелде Жалал-Абад шаарында “Ата Журт” партиясынын депутаттарын колдоп борбордук аянтка чыккан эл тарады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, митингдин катышуучулары болжол менен 16:00дө митинг өткөн аянттан тарашты. Негизи, Жалал-Абад шаарынын борборунда өткөн митингге Барпы айылынын тургундары (Камчыбек Ташиев туулуп-өскөн айыл) чыгышты. Аларга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков жолугуп, талаптарын укту.
Учурда шаарда абал туруктуу экенин жана милиция кызматкерлери шаардагы коопсуздукка көз салып жатканын белгилейт мэриянын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.