Бишкекте пара алып жатып кармалган Салык кызматынын өкүлү иштен бошотулду

Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте жеке
ишкерден 3500 сом пара алып жатканда кармалган Ленин району боюнча Салык
кызматынын иш алып баруучусу иштен бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынын
басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Мальвина Уметбекова
“Бул окуя болгондон кийин Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов коррупцияны алдын ала жоюу максатында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тууралуу буйрук берди”, - деп маалымдайт басма сөз кызматы.
Ошондой эле пара менен кармалган иш алып баруучу Салык кызматынын системинен такыр бошотулганын билдирет.
Эске салсак, кечээ, 9-апрелде Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ленин району боюнча Салык кызматынын өкүлү жеке ишкерден акча талап кылып кармалган. Анын аталган кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү токтотуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашырууга убада бергени аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.