"Караколдогу митингге унаага таш жүктөп бара жаткан" деп айыпталгандар бошотулду
"10-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өтчү митингге унаа менен таш ташып бара жаткан" деп айыпталган 8 жаран бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, 10-апрелде саат 11:30да Караколдогу Ысык-Көл облустук администрациясынын жанында митинг пландалган. Шаарга кирүүчү жолдо текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир нече унаадан таштар табылган. Ошонун негизинде 8 адам кармалган.
"Айыпталуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кечке жуук бошотулган",- дейт Усубакунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















