Ош. Салык кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгы рейд жүргүзөт
Салык кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгы 12-13-апрель күндөрү рейд жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде аталган мекеменин кызматкери Асылбек Абдрай уулу билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Анын айтымында, рейд алкагында шаардагы тамак-аш саткан мекемелер, соода-сатык кылган жайлардын мыйзамдуу иш алып барып жаткандыгы текшерүүгө алынат.
"Буга чейин рейд уюштуруп, бир канча мыйзам бузууларды аныктап келгенбиз. Ал эле эмес, салыкты туура эмес төлөп жүргөндөр бар. Рейд учурунда түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт",- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.