super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: 17-апрелде башкы прокурор Аида Салянова отчёт берет

 

Бүгүн, 11-апрелде төрага Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде 16-17-апрелдеги парламент жыйындарынын күн тартиби бекитилди.

16-апрелдеги парламент жыйынында 2013-жылы КРда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын баяндамасын угуу пландаштырылды. Ошондой эле бул күнү “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жаатындагы абал жана аны өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралмакчы.

Ал эми 17-апрелде КРнын Башкы прокурорунун 2013-жыл үчүн отчёту угулмакчы жана бир катар мыйзам долбоорлору талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: