super.kg logo

Ош. Ак-Тилек кичи районунда 180 каштан дарагынын көчөтү отургузулду   

 

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы кичи сейил багында 45 түп арча жана 180 каштан дарагынын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдырахман уулу катышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар тартылган.

Жерди түзөтүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында 45 ийне жалбырактуу дарак жана 180 каштан дарагынын көчөтү отургузулду. Мурда бул жер бош эле жаткан. Апрель айы жаан-чачындуу болору күтүлүүдө. Андыктан биз шаардын айланасындагы сейил бактардагы жашылдандыруу иштеринин 1-этабын жыйынтыктап жатабыз. Быйыл 700 ийне жалбырактуу дарак, 400 ак кайың, 200дөн ашык кара жыгач көчөтү, 5 миңден ашык даана роза отургузулду. Бул жылы өткөн жылдагы гүлдүн уруктары эгилди”,- дейт Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова.

Эске салсак, Ош шаарынын мэринин токтомунун негизинде шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча 2014-жылдын 15-мартынан 15-майына чейин жазгы 2 айлык жарыяланган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.04.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Ак Тилектеги Оштон Баткен-Ноокатты карай кетип аткандагы жолдун эки бети.Мелис мэр болуп турганда ал жолго жапжарык чырактар орнотулуп,жол четин темир рещетка менен тосуп,жоо жургондор учун аллея да куруп,сейил бак кылып койгон эле.Чынында кечкисин ошол сейил бактын жолундагы чырактар ото кооз корунот...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: