super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт жооп берет: Мага берилген жер тилкесине башка бирөө үй салып жатыптыр. Жерди кантип кайтарып алам?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен балдарым менен төркүнүмдө жашап турам. Өзүм 1-топтогу майыпмын. Кызым турмушка чыккан, уулум мектепте окуйт. Мага жер берилген, бирок Кызыл китебин алган эмесмин. Азыр ошол жерди менден уруксатсыз бир киши сатып алып, Кызыл китебин жасатып, үйдүн пайдубалын куюп салыптыр. Өкмөткө чуркадык, эч ким көңүл бурган жок. Ошол жерди кантип өзүмө кайтарып алсам болот? Суроо калтырган zulfia15

Жооп: - Сиз ал жерди сатпасаңыз, сиздин уруксатыңыз жок эч ким алышы мүмкүн эмес. Колуңузда болгон документтерди алып, жергиликтүү Жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгына барып кайрылып көрүңүз. Алар сизге түшүндүрмө беришет. Мындай учурларда соттун чечими менен да сурооңорду чечсе болот.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: