super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктар жогорку окуу жайлар системин реформалоонун жыйынтыгын көрүүгө тийиш экенин айтты

 

Бүгүн, 11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана президентке караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү маселеси боюнча коомдук кеңештин эксперттери менен жолугушту.

Жолугушууда КРнын жогорку билим берүү системин жакшыртуу концепциясынын долбоору талкууланды. Президент бул документтин негизги багыттарын жактырды, бирок жакшы пландар кагаз бетинде калбашы үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жана эксперттик коомчулук бир топ күч-аракет жумшаш керектигин белгиледи.

Концепциянын максаты - эмгек рыногунун талаптарына ылайык, түрдүү менчик формадагы, академиялык жана чарбалык кеңири өз алдынчалыкка ээ, билим берүүнүн сапаты үчүн жоопкерчиликтүү болгон жогорку окуу жайлардын натыйжалуу иштеген тармагын түзүү.

Өлкө башчы Кыргызстандын эли окутуунун сапатын жогорулатууну жана коррупцияны жоюуну негизги приоритет катары эсептеген жогорку окуу жайлар системин реформалоонун реалдуу жыйынтыгын көрүүгө тийиш экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: