super.kg logo
  Саясат  

Данияр Тербишалиев электр энергиянын үзгүлтүккө учурашынын айынан электр техникалары бузулган жарандарга материалдык жардам бериш керек экенин айтты

 
"Өкмөт электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам үйүндөгү техникалары иштен чыккан жарандардын материалдык чыгымын төлөп бериши керек". Бул пикирди ЖКнын 27-декабрдагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев айтып чыкты. Ал энергетикадагы жагымсыз жагдай үчүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев элден кечирим сураганын айтты. "Моралдык жактан маселе жок, эми материалдык жардам берүү жагын караш керек. Анткени электр энергиясынын тынымсыз үзгүлтүккө учурашынан улам көптөгөн адамдардын үйүндө жылыткыч мештери, батареялары иштен чыгып жатат",- деди Тербишалиев.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: