super.kg logo

Ош. Өзгөчө кырдаалдар министри куткаруучулардын даярдыгын текшерди

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 13-апрелде саат 22:00дө министрликтин Ош шаарында жайгашкан бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыктарын текшерди. Текшерүү боюнча алдын ала айтылбай, “тез арада жыйноо” боюнча буйрук берилди. Андан соң жыйналган аскер кызматчыларынын кырсыктардын кесепеттерин жоюуга даярдыктары текшерилди. 

Эреже боюнча кабар берилгенден бир сааттын ичинде үч күндүк кургак тамактары менен азык-түлүктөрү, гигиеналык каражаттары жана курал шаймандары колунда болуп, кырсык болгон аймакка чыгып кетүүгө тийиш эле. Бул шашылыш кабарга айрым аскер кызматчылары шаймандарын унутушса, айрымдары кийимдерин толук кийинип келгенге да үлгүрбөй калышкан. Башкы куткаруучуну аскер кызматчыларынын баштыгындагы үч күнгө даярдалган кургак тамактарынын аздыгы канааттандырган жок. 

“Ушул тамак кантип үч күнгө жетсин? Демек, берилген акча максатсыз пайдаланылып, кокус текшерип калганда жок болуп калбаш үчүн эле баштыкка бир нерсе салып коёсуңар. Куткаруучунун курсагы ток болгондо гана башкаларга жардам көрсөтө алат”,- деди министр. 

Андан сырткары кырсыктарда пайдалануу үчүн берилген шаймандарды да жаңылоого мезгил жеткендигин кошумчалады. Мындай иш-чараны министр жазда болуп кетүүчү сел жана суу ташкындары, жер көчкү жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарга дайым даяр болуу үчүн көрүлгөн камылга деп түшүндүрдү. 

Ал эми кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча министрликтин тиешелүү жетекчилерине тапшырмаларды берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.04.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кабар мындан ары да текшерип туруш керек
14.04.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Показуха жон эле,министр келери 3 кун мурда эле белгилуу болгон ))) ,Чынында эле кутуусуз текшеруу болгондо, абдан жакшы болмок.
Dadin түзөттү 14.04.2014 16:56
14.04.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы нерселерге ишенгенди жакшы кором ошондуктан жашоом жакшы. Министрдин текшергенин чын деп кабыл алдым. Куткаруучулар тобу кантсе да чакырган жерге барып журушот. Алдын ала 1 жыл мурун айтылып дайындалып койгон болсо да мен жогорудагы кабарга ишенем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: