super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Ооганстан менен тең ойноду

 
Кыргызстан курама командасынын күйөрмандары...

Кечээ, 13-апрелде Дубай шаарында футбол боюнча Кыргызстан курама командасы "АФКнын Чакырык кубогу-2014" мелдешине даярдыгынын алкагында Ооганстан курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Эки тарап тең үстү-үстүнө чабуул уюштурганы менен, 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ооганстандыктар оюн эсебин ачууга чоң мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок 11 метрлик айып соккусунда ооганстандык футболчу командасына гол алып келе алган жок.

Кошумчалай кетсек, “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычы 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында болот. Кыргызстан курама командасы Мальдив, Палестина жана Мьянма курама командалары менен “А” тайпасында орун алган. Ал эми Ооганстан “В” тайпасында оюн көргөзөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.04.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооганстан менен тен ойношсо калганы менен акча коротуп барып ойнобой эле коюшсунчу. АНдан коро ошол акчаны намысыбызды коргоп аткан киксбоксчуларга бергиле.
14.04.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Афганистанды уталбасанар анда мындан кийин ойнобой эле койгула.
Модератор admin_superstan түзөттү 14.04.2014 11:55
14.04.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Афганистан ФИФА да откон айдын рейтинги боюнча 122-орунда турат! Кыргызстан бир упай жоготуу менен 147-оорунда ошондуктан Кыргызстан татыктуу оюн корсото алды десем болот! Афганистан дегенинер мен ал жакта Футбол алда канча онуккон!
15.04.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлойт десе эле суйлой бересинерби тобоо? Афганистанды утса утат, утулса утулат да спорт деген спорт, утулат же утат..баардыгы эле утуп келсек экен дейт..Кудайдын буйругун кайда алып барасынар
15.04.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан Кыргызстан 5-0 Испания деген кун келет достор биз ошол кунду коробузбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: