Кыргызстандык жаш футболчу казакстандык клубдун курамына кошулду

Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасынын мүчөсү (21 жашка чейинки футболчулар арасында), “Абдыш-Ата” футболдук клубунда ойноп келген Бектур Талгат уулу казакстандык “Астана-1964” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде "Абдыш-Атанын" башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, клуб менен футболчунун ортосунда келишим 2013-жылы бүткөн. Ошол себептүү Бектур эркин агент катары Казакстандын Биринчи Лигасында ойногон “Астана-1964” клубуна өттү.
Кошумчалай кетсек, 19 жаштагы Бектур “Астана-1964” клубунун курамында төртүнчү легионер болот. Азырынча команданын курамында 2 африкалык футболчу жана 1 өзбекстандык футболчу ойноп келет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
munarbek00

14.04.2014. 12:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайбыз бироонун желегин желбиретип журобер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.