super.kg logo

"Акча жана уюлдук телефонду күч колдонуп тартып алган" деген шек менен эки жаран кармалды

 

Бишкекте акча жана уюлдук телефонду күч колдонуп тартып алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 45 жаштагы Д.Иляна аттуу айым милицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адам күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан "талап-тоноочулук кылган" деген шек менен Бишкек шаарынын К.Юлдуз аттуу тургуну кармалды.

Ушундай эле талап-тоноочулук фактысына кабылган Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну Т.Аскатбек милицияга кайрылган. Анда 30-35 жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуу менен 23 миң сомун тартып алышканы айтылган. Бишкек ШИИББинин түнкү милициясынын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 45 жаштагы А.Улан жана К.Эрлан аттуу Ош облусунун тургундары "аталган кылмышка катыштыгы бар" деген шек менен кармалышты. Учурда иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.04.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызды уят кылгандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: