super.kg logo

Чилиде катталган өрт кырсыгынан 16 адам каза таап, 500 үй толугу менен күйүп кетти

 

12-апрелде түш ченде Чилинин Вальпараисо шаарында катталган өрттөн 16 киши каза таап, 500дөй турак жай толугу менен күйүп кетти.

Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, өрт бир нече сааттын ичинде бир канча кварталды жалмаган. Бул аралыкта 10 миңдей тургун башка жерлерге көчүрүлгөн. Каза тапкандардын көпчүлүгү тез арада өз үйүн таштап чыгып кете албаган кары-картаңдар болгон. Дарыгерлерге 500дөн ашык адам ар кандай жаракаттар менен кайрылган. Өрттү өчүрүүгө 20 учак, тик учак жана 3500 полиция, аскер, өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган. 

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул өрт кырсыгы жогорку чыңалуудагы электр линиясынын тийишүүсүнөн чыккан жана ага канаттуулар себепкер болгон. 

Катталган кырсыкка байланыштуу учурда өлкөнүн президенти Мишель Бачелет шаардын бир бөлүгүн “кырсык аймагы” деп жарыялап, армияга тартипти сактоо буйругун берди. Ошондой эле президент шейшемби күнү Аргентинада боло турган жолугушуусун кийинкиге жылдырган. 

Белгилей кетсек, 270 миң калктуу Вальпараисо – Чилинин эң ири портторунун бири. Шаардын борбору ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: