Айыл чарба министри япониялык өкүлчүлүктүн айыл чарба инвестициялары боюнча кеңешчиси менен жолугушту



КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 11-апрель күнү Кыргызстандагы Япониянын JICA өкүлчүлүгүнүн айыл чарба инвестициялары боюнча кеңешчиси Макото Табата менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, аталган жолугушууда министр эки тараптуу кызматташуунун техникалык тапшырмалары менен таанышты. Ошондой эле айыл чарба өнөр жайынын өндүрүмүндөгү көйгөйлөрү, долбоор сунуштар, эл аралык донорлук мекемелердин маалыматтары менен алмашуу жана ушул жааттагы бир катар сунуштар боюнча сүйлөшүүлөр өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.