Мэнни Пакьяо атаандашы Тимоти Брэдлини утуп, чемпиондук наамын кайтарып алды



Тимоти Брэдли атаандашы Пакьяонун кезектеги чабуулуна каршы чабуул камдап жатат.

Пакьяо бир жыл мурун тарттырып жиберген чемпиондук наамын кайтарып алды.

Беттеште жеңүүчү упай эсебинде аныкталды.
12-апрель түнү Лас-Вегас шаарында өткөн бокс кечесинин алкагында филиппиндик Мэнни Пакьяо америкалык Тимоти Брэдли менен кез келип, упайлардын айырмачылыгында жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул жеңиши менен М.Пакьяо WBO версиясы (Дүйнөлүк бокс уюму) боюнча Дүйнө чемпиондугун кайтарып алды. 12 раундга созулган беттештин жыйынтыгында 3 калыс тең жеңишти филиппиндик мушкерге ыйгарды (118:110, 116:112, 116:112).
Эске салсак, бул эки мушкердин ортосундагы алгачкы беттеш 2012-жылы өтүп, анда упайлардын айырмачылыгында 30 жаштагы Тимоти Брэдли жеңип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Topcubai

14.04.2014. 12:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Менни.Сыйлаган спортчум да.Коп коп ийгиликтерди багынта бер
TIMi4

16.04.2014. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
floyd kaldy emi
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.