super.kg logo

Москвадагы кыргыздар Манастын эстелиги жайгашкан “Дружба” сейил багында ишембилик өткөрүштү

 
Ишембиликтин катышуучулары Кыргызстандын желегинин элеси жана “Шаарга болгон сүйүү менен...” деген жазуу түшүрүлгөн кийим кийип жүрүштү.
Манастын эстелиги жайгашкан “Дружба” сейил багы. Ишембиликте Манастын эстелиги да сүртүлүп, чаңдан арылтылды.
Ишембиликтин жүрүшүнөн...
Ишембиликтин жүрүшүнөн...

Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар 12-апрелде Манастын эстелиги жайгашкан “Дружба” сейил багында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишембилик алкагында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов ишембилик өткөрүп жаткандар менен жолугушту. Ишембиликтин катышуучулары Кыргызстандын желегинин элеси жана “Шаарга болгон сүйүү менен...” деген жазуу түшүрүлгөн кийим кийип жүрүштү.

Кошумчалай кетсек, ишембилик 250дөн ашык кыргызстандык жарандын катышуусунда өттү. Ага КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, жаштар фонддорунун мүчөлөрү жана Москвада окуп, иштеп жүргөн жаштар катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: