Мас абалында унаа айдап жол кырсыгына кабылган Тышкы иштер министрлигинин кызматкери боюнча кызматтык иликтөө башталды
Мас абалында унаа айдап жол кырсыгына кабылган Тышкы иштер министрлигинин кызматкери боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен бүгүн, 14-апрелде билдиришти.
Маалыматка караганда, бул маселе министрликтин этика жана аттестациялык комиссиясында каралат. Жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлөт.
Айта кетсек, 13-апрель күнү саат 17:10 чамасында 37 жаштагы Л.Дмитрий Ауди үлгүсүндөгү унаасы менен Тойота Ипсум унаасын сүзүп алган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ауди унаасынын айдоочусу мас абалында экенин аныкталган. Ошондой эле анын Тышкы иштер министрлигинде иштегени белгилүү болгон. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.