super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Менин атыма жазылган жер тилкесине Кызыл китепти алганда, аны баламдын наамына өзгөртүп жаздырсам болобу?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жер тилкеси айыл өкмөттүн токтому боюнча менин атыма жазылган. Ала турган Кызыл китепке жер тилкесин жубайымдын же баламдын наамына өзгөртүп жаздырсам болобу? Суроо калтырган Az81kg

Жооп: - Жергиликтүү жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгы бүгүнкү күндө үй куруу үчүн берилген айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны дайындап берет. Атайын жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнө кирип тийиштүү суроолоруңуздарга жооп алсаңыздар болот. Бөлмөнүн ичинде жасалган жумуштардын прейскуранттары илинген стенд бар. Тез жана кадимки түрүн да сураса, адистер так жооп бере алышат. Мамлекеттик акт (Кызыл китеп) токтомдун негизинде жасалат. Токтомдо сиздин атыңыз жазылган болсо, аны өзгөртүүгө эч кимдин акысы жок. Аялыңызга же балаңызга которгуңуз келсе, мамлекеттик актты алгандан кийин белек катары өткөрө аласыз. Аны да ошол эле башкармалыктын ичинен бүтүрсө болот.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: