super.kg logo
  Саясат  

Чубак Абдыкулов Бишкек мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Чубак Абдыкулов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аталган кызматка дайындалган Марипа Абдиева мурунку кызматына (Социалдык өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн башчысы) кайра дайындалды.

Маалымат үчүн:

Абдыкулов Чубак Асылбекович 1976-жылдын 1-январында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинен экономика адистиги боюнча жогорку билим алып, аспирантураны аяктаган.

"Толубай" банкынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Андан соң "Газпромнефть - Казакстан" ишканасынын башчысынын орун басары, каржы боюнча адис кызматтарын аркалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: