super.kg logo
  Саясат  

"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодекске толуктоо жана өзгөртүү кирди

 
Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. 
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 13-мартында кабыл алынган мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айрым жоболорун аткарбагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү.
Мыйзам мамлекеттик же муниципалдык кызматкер тарабынан мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны толук эмес маалымат менен тапшыргандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти, "КРнын Улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилейт жана айыптарды көбөйтүүнү камтыйт.  
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: