super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев мүлктү легалдаштыруу боюнча декларациялык кампаниянын мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамга кол койду

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 13-мартында кабыл алынган мыйзам кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу боюнча декларациялык кампаниянын 2013-жылдын 31-декабрында бүткөн мөөнөтүн узартууну камтыйт.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамына киргизилген толуктоого ылайык, жеке жактардын 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин деп белгиленет (Салык кодексинин 92-беренесине ылайык, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн жеке жактарга отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөт берилет).
Ошону менен катар "КРнын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" мыйзамына төмөнкү толуктоолор киргизилет:
- кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация КРнын жарандары 2013-жылга бирдиктүү салык декларациясын толтуруп, тапшыруу үчүн негиз болору тууралуу (мыйзамдын азыркы редакциясында ушул мезгил белгиленген эмес) декларациялык кампаниянын (легалдаштыруунун) мөөнөтү 2014-жылдын 30-июнуна чейин узартылары тууралуу өзгөртүү (мыйзамдын колдонуудагы редакциясында мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген).
Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: