super.kg logo

“Эки адамды өлтүрүүгө катыштыгы бар жана 7 жылдан бери издөөдө жүргөн” деп шектелген жаран кармалды

 

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгы менен “эки адамды өлтүрүүгө катыштыгы бар жана 7 жылдан бери издөөдө жүргөн” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 14-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, атайын издөө иштеринин натыйжасында, эл аралык издөөдө жүргөн 42 жаштагы Ош шаарынын тургуну Э.Сыдыков 11-апрель күнү таңкы саат 6 чамасында Кара-Суу районунда колго түшүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, 2007-жылы Кара-Суу районунун Савай дарыясынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кытай жаранынын жансыз денеси табылган. Алар Кытай Эл Республикасынын жараны Ванг Бо аттуу айым жана анын айдоочусу Вату Байер экени аныкталган. Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында "Кытайдын жарандарын тоноп, аларды мыкаачылык менен өлтүргөн" деген шек менен 1973-жылы туулган Ош облусунун тургуну А.Орозбеков, Өзбекстандын 1975-жылы туулган жараны Б.Юсаев, 1975-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Э.Сыдыков, 1979-жылы туулган Ш.Атакулов кармалышкан болчу. Кылмышка шектүүлөрдүн ичинен Ш.Атакулов жана Э.Сыдыков из жашырып качып кетишкен, калган экөө татыктуу жазаларын алышкан. Ал эми 2014-жылдын 11-апрелинде Э.Сыдыковду колго түшүрүүдө ал каршылык көрсөтүүгө жетишкен эмес. Ал жашап жаткан үйдөн 2 согуштук граната табылгандыгы белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: