super.kg logo
  Саясат  

Автоунаалардын мамлекеттик энчилүү номур белгилерин каттоо жөнүндө жобо бекитилди

 

Автоунаалардын мамлекеттик энчилүү номур белгилерин каттоо жөнүндө жобо бекитилди. КР Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 14-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

Аталган токтом автоунаалардын мамлекеттик номур белгилерин каттоо жана унаа каражаттарынын ээсин белгилөө иштерин жөнгө салуу максатында кабыл алынган.

Бекитилген жобого ылайык, автоунаалардын мамлекеттик номур белгилерин каттоочу ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.

Мамлекеттик энчилүү номур белгисинин баасы - 100 000 (жүз миң) сом.

Автоунаалардын мамлекеттик энчилүү номур белгисин каттоодон түшкөн каражат Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, республикалык бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, энчилүү номур белгиси экиден кем эмес, жетиден көп эмес белгиден турушу керек. Ошол эле учурда номурда кеминде эки тамга болуп, энчилүү номур белгисинин башында жайгашат. Анда латын алфавитиндеги тамга жана сандык белгилер (араб) болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: