super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Мен гимнди ырдагым келбейт, анткени анда "бейкуттук" деген сөз бар"

 
"КРнын Мамлекеттик гимнинин текстин өзгөртпөсө болбойт". Бул пикирди ЖКнын 27-декбардагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, гимндин текстинде туура эмес колдонулган сөздөр бар. "Мен гимн кабыл алынгандан бери эле аны ырдагым келбейт жана ырдабайм. Анткени текстинин ичинде "бейкуттук" деген сөз бар. 2005-жылы президенттик шайлоонун алдында тил боюнча сынакта ырдабай койсом, гимнди Курманбек Бакиев ырдап берген",- деди депутат. Жыйында гимндин автору Шабданбек Кулуев да ырдан текстин өзгөртүүгө макул экендиги айтылды. Айта кетсек, парламентте КРнын Мамлекеттик гимнинин текстин өзгөртүү маселеси каралууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: