Алмазбек Атамбаев: “Шайлоолор таза өткөндө, 2005, 2010-жылдардагы окуялар болмок эмес”
“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн таза шайлоо өткөрүү абдан зарыл”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин 4-жыйынында. Өлкө башчы таза эмес шайлоолор боюнча тарыхты эскерди.
“Эгер 2005-жылдын февралындагы шайлоолор таза өткөндө, марттагы окуя болбойт эле. 2007-жылкы шайлоолор адилеттүү өткөндө, 2010-жылдагы Апрель окуясы болмок эмес”,- деди президент.
Айта кетсек, кеңештин бүгүнкү жыйынында 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоого даярдык жана кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















