Майкл Фелпс 2 жылдык тыныгуудан кийин чоң спортко кайтат

Сууда сүзүү боюнча 18 жолку Олимпиада чемпиону, америкалык Майкл Фелпс 2 жылдык тыныгуудан кийин чоң спортко кайтат. 2012-жылдын август айынан тарта бир дагы расмий мелдешке катышпаган спортчу 24-26-апрель аралыгында Аризона штатында өтө турган мелдешке катышарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Спортчунун машыктыруучусу Боб Боумен Аризонадагы жарыштан кийин Фелпс Татарстандын Казань шаарында Дүйнө чемпиондугуна жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышуусу мүмкүн экенин жар салды.
Кошумчалай кетсек, Майкл Фелпс өзүн акыркы ирет “Лондон-2012” Олимпиадасында көрсөткөн. Анда ал алтын медалдарынын санын 18ге жеткирип, Олимпиаданын жаңы рекордун койгон. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.