super.kg logo

Кыргызстанда жаңжалдардын алдын алуу максатында 2 жылдык долбоор ишке ашырылды

 
2012-2014-жылдардын аралыгында Кыргызстанда жаңжалдардын алдын алуу максатында "Комтака" (англ. - СОМТАСА) аталышындагы долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйынында аталган долбоордун жетекчиси Мэри Роуз ОБрайен билдирди.
Анын айтымында, жаңжалдардын, чыр-чатактардын себептерин изилдөө жана алардын алдын алуу - долбоордун максаты. Ал Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында жүргүзүлгөн. Ага жалпысынан 300 чакты кыргызстандык катышты.
"Мисалы, Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лочин каналынан суу алуунун негизинде чыр-чатак пайда болгон. Жергиликтүү жарандар тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол каналды биргеликте тазалоону чечишкен. Жалпысынан 250 адам чогулуп каналды тазалаган соң, суу баарына жетип калган. Ошентип, улуттар аралык жаңжал болтурулган эмес",- деди долбоордун экинчи жетекчиси Руслан Молдокасымов.
Мындан тышкары ал жаңжалдар көп учурда жайлоолордо жана жер сугаруу жайларда болорун баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: