Жалал-Абаддын тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы таштандылар өз убагында алынбай жатканын айтышты

Бүгүн, 15-апрелде Курманбек аймактык башкаруусунда ар апта өткөрүлүүчү жыйын болуп өттү. Жыйынга келген тургундар таштанды маселесин көтөрүшүп, таштанды өз убагында алынбай жатканын билдиришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай көз карашка Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын юристи Курамаев Мирланбек техниканын жетишсиздиги себеп экенин билдирди.
“Таштандыларды убагында алып чыгууга техниканын жетишсиздиги тоскоол болуп жатат. Ошентсе да учурда атайын график түзүп жатабыз. Ошол графиктин негизинде алынат. Биз өзүбүз ар бир үйгө кирип, эскертип чыгабыз”,- дейт ал өз сөзүндө.
Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн алдына коюлган унаалар уурдалып, үйлөрдү тоноп кеткен учурлар катталып жатканын айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.