"Кызматтык укуктарынан аша чапкан" деп айыпталып Кадамжай районунун мурдагы акими кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 14-апрель күнү Кадамжай районунун мурунку акими Асамидин Ташевди кармашты. Ал "кызматтык укуктарынан аша чапкан" деп айыпталууда.
Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, кармалган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305 (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315 (кызматтык жасалмачылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн. Учурда айыпталып жаткан адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.