Алмазбек Атамбаев депутаттарды шайлоодо гендердик балансты сактоо керектигин айтты



Бүгүн, 14-апрелдеги КРнын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев партиялык тизменин түзүлүшүн карап чыгуу керектигин айтты.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке ар кайсы аймактан өкүлдөрдүн кириши үчүн партиялык тизмени түзүүдө бирдиктүү шайлоо аймагын бөлүштүрүүнү сунуштады. Анын айтымында, жаңы системде ар бир төртүнчү талапкер аял киши болушу керек. Ошондой эле аймактык бөлүштүрүү да каралат. Бирок депутат айым кызматтан кетсе, анын ордуна тизме боюнча турган эркек киши келет.
Мамлекет башчы: “Айымдар бизге капа болуп калышы мүмкүн. Жогорку Кеңеште бир да депутат айым болбогон учурлар болгон. Биз андай учурга кайтып барбашыбыз керек”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

