Эртең Жогорку Кеңеште Аял депутаттар форумунун алкагында кезектеги жолугушуу болот
Эртең, 16-апрель күнү Жогорку Кеңеште Аял депутаттар форумунун алкагында Улуттук демократиялык институтунун колдоосу астында жолугушуу өтөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада парламент депутаттары Майрамкүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекованын Талас облусунун Кара-Буура районуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы талкууланат. Ошондой эле USAID/DFID`дин Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү программасынын алкагында түзүлгөн Изилдөө фондунун бет ачары болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

