super.kg logo

Бүгүн “Караколдо баш аламандык уюштурушту” деп айыпталып жаткандар боюнча сот отуруму болот

 

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда “Караколдо баш аламандык уюштурушту” деп айыпталып жаткандар боюнча сот отуруму болот. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири Абай Узаков бүгүн, 15-апрелде билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 7-октябрдагы баш аламандык боюнча айыпталып жаткан Айбек Сарыбаев, Кайрат Качанганов, Талант Булаев, Дастан Жоошбаев, Кубат Токсобаев, Кеникеева, Абай Узаков боюнча биринчи сот отуруму өтөт.

Айта кетсек, буга чейин “Караколдо баш аламандык уюштурушту” деп айыпталгандардын экөөсү 8 жылга, экөөсү 4 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун 18 тургуну кармалып, аларга «барымтадагыларды бошотпоо», «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: