“ОшТВ” телеканалы орусиялык инвестордун жеке менчигине өттү
2014-жылдын 27-мартынан тарта “ОшТВ” телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовдун жеке менчигине өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Кротов Максим Сергеевич - Орусия Федерациясынын жараны. Ал бир гана Орусияда эмес, КМШга мүчө мамлекеттерде ишкердик менен алектенип келет.
Максим Кротов бул боюнча: “ОшТВны” сатып алуу - менин Борбор Азиядагы жаңы инвестициялык долбоорум. Анткени бул аймакта медиа-ишкердиктин өнүгүүсүнө толук ишенем. Алдымда бир нече милдет турат: телеканалды өнүктүрүүгө акча каражат тартуу, анын диапазонун кеңейтүү, ишкананын пайдалуулугун өстүрүү. Жакын арада биз жаңы структураны жана концепцияны караштырып чыгабыз”,- деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















