Ош. "Эртең атайын адистер аркылуу мектептеги жыландарды жок кылуу аракети көрүлөт" дейт Алай районунун акими



Эртең атайын адистер аркылуу мектептеги жыландарды жок кылуу аракети көрүлөт. Бул тууралуу Алай районунун акими Таалай Сарыбашов бүгүн, 15-апрелде билдирди.
“Жылан чыгып жаткан мектепке келдик. 4-5 жылан сыртта жүрөт. Мугалимдердин айтымында, күнүнө 40-50гө жакын жылан чыгат экен. Бүгүн күн бүркөк болгондуктан, уюгуна кирип кетишкен окшойт. Учурда Бишкектеги адистер менен байланышып жатабыз. Алар эртең келишет. Анан мектептеги жыландарды жок кылуу аракети көрүлөт”,- деди Таалай Сарыбашов.
Ошондой эле район башчысы буларга токтолду: “Аталган мектептин жанында булак бар. Мурда ошонун жанында жыландар жүрүшчү. Кийин мектеп жакка өтүшкөн окшойт”.
Айта кетсек, бүгүн, 15-апрелде “күн жылыгандан бери Алай районунун Биринчи Май айылындагы Ж.Орозов атындагы орто мектептен күнүнө 20-30дай жылан чыгууда” деген маалымат тараган.

















1 |