super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнүн токтотулушу боюнча оппозиция өкмөткө күнөө койду

 

2014-жылдын 14-апрелинен тарта Өзбекстандын Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын берүүнү токтотушу боюнча Улуттук оппозициялык кыймыл билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган уюмдун басма сөз кызматы жарыялады.

“Газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашына кыргыз өкмөтү күнөөлүү. Анткени Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы 2014-жылга газ берүү боюнча мамлекеттер аралык келишимде "Кыргызгаз" компаниясынын кожоюну өзгөрө турган болсо, "УзТрансГаз" газ берүүнү токтотот деген берене жазылган.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев жана кыргыз өкмөтү "Кыргызгаз" ишканасын орусиялык "Газпромго" 1 долларга сатып жатып, газ берүүнү үзгүлтүккө учуратчу мындай жагдайларды эске алган эмес. Өкмөттүн шалаакы жана компетентсиз иш-аракетинен улам жүз миңдеген карапайым кыргызстандыктар запкы чегүүдө. Улуттук оппозициялык кыймыл Кыргызстандын байлыгын чет өлкөгө саткан президент Атамбаев менен өкмөттүн иш-аракетин кескин түрдө айыптайт жана экономика тармагын тейлеген биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин отставкасын талап кылат”,- деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: